“Ростех” мамкорпорациясынын башкы директору Сергей Чемезов "Коммерсант" гезитине берген маегинде мындай соодага БУУ Коопсуздук кеңеши салган санкциялар жол бербей тургандыгын билдирген.
Ошол эле убакта Чемезов аталган чектөөлөргө кирбеген курал-жарактар, анын ичинде абадан коргонуу (ПВО) системаларын сатуу улантыла тургандыгын айтты. Москва быйылкы жылдын аягына чейин Иран менен түзүлгөн С-300 зениттик комплексин сатуу туурасындагы келишимди толугу менен аткарып бүтүүгө үмүттөнүүдө. Расмий эмес маалымат боюнча Иранга бир миллиард доллар суммадагы зениттик-ракеталык комплекс системалары сатылат.
Апрелде Тегеран курал-жарактын алгачкы партиясын алгандыгын ырастаган.
Москва Иранга С-300 зениттик-ракеталык түзүлүштөрдү сатууну 2010-жылы БУУ Тегеранга карата санкцияларды киргизгенден кийин токтоткон. Бирок 2015-жылдын апрелинде Орусия президенти Владимир Путин жарлыкка кол коюп, ага ылайык тыюу алынып салынган.
Аталган куралдын Иранга сатылышына Израиль караманча каршы чыгууда.