Ссылки доступа

Тажикстан Рамит капчыгайын коргоону күчөттү


Тажикстан президенти Эмомали Рахмон 4-июнда өлкөнүн Коргоо министрлигинин атайын күчтөрүнүн аскерий бөлүгүнүн ачылыш аземине катышып, жеке курамга аскердик тууну тапшырды. Бул аскерий бөлүктү курууга 17 миллион сомони жумшалган.

Рахмон Тажикстандын коргонуу мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатуу боюнча маанилүү чараларды көрүү зарыл экендигин белгиледи.

Рамит капчыгайындагы бул аскердик бөлүк былтыркы жылдын күзүндө өкмөттүк аскерлер менен Тажикстан коргоо министринин мурунку орун басары Абдухалим Назарзоданын тарапташтары салгылашкан жерде курулган.

Абдухалим Назарзода менен анын санаалаштары Дүйшөмбүдөн 50 чакырым аралыкта жайгашкан Рамит капчыгайында жашынганга аракет кылган. Өкмөттүк аскерлер аларды таап, жок кылуу боюнча операция жүргүзүп, окуя генерал Назарзоданын өлүмү менен аяктаган.

Буга чейин да куралдуу оппозициянын отряддары бир нече ирет ушул капчыгайга жашынганы бар.

Рамит капчыгайынын ысымы жаңы эс алуу аймактарын куруу жана Покруд алтын кенинин 100 пайыз акциясын кытайлык China Nonferrous Gold Limited компаниясына берүү маселелеринде көп аталып келет.

XS
SM
MD
LG