Ссылки доступа

"Бирдиктүү Орусия" партиясынын абройу төмөндөп кетти


“Левада-борбор” 27-30-майда өткөрүлгөн сурамжылоодо “Бирдиктүү Орусия"  партиясынын рейтинги төмөндөп кеткендигин белгиледи. Сурамжылоого катышкандардын 35 пайызы гана аталган партияга добуш берүүгө даяр экендигин билдирген.

Жыл бою кармалып турган деңгээлге карганда бул кыйла төмөн болуп саналат. Айталы, апрелде өлкөдөгү башкаруучу партияны респонденттердин 42 пайызы колдоого алууга даяр экендигин бирдирген.

"Левада-борбордун" директорунун орун басары Алексей Гражданкиндин айтымында, партиянын абройу июнда дагы бир сапар текшерүүдөн өтөт. Социолог азыркыдай көрсөткүч “кокустук” болушу ыктымал деген пикирде.

XS
SM
MD
LG