Ссылки доступа

"Росбалт": Немцовду жол кыймылын көзөмөлдөөчүлөр сактап калмак


Бул туурасында Немцовго байланыштуу кылмыш иши боюнча айыпталган Анзор Губашевди суракка алуу учурунда маалым болду.

Анзор Губашев сурак учурунда окуя болгон жерде Жол коопсуздугун көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик инспекциянын автоунаасы тургандыктан, маркум саясатчы аман калышы мүмкүн болгондугун айткан. Бул жөнүндө "Росбалтка" иш материалдары менен тааныш өздүк булак кабарлаган.

Губашев билдиргендей, кол салуу алдында Немцовдун унаасы Чоң Москворец көпүрөсүндөгү коопсуз жайга келип токтогон. Саясатчы унаадан чыгып, Кызыл аянт тарапка жөө жөнөгөн. Аны акмалап келе жаткандар ал жерде жол сакчыларынын унаасын көрүп, артынан баруудан коркушкан. Ал гана эмес арам ойдон баш тартууну ойлонгучакты тартип сакчылары күтүүсүздөн кетип калган. Мындан соң айыпталуучулар Немцовдун изине түшкөн.

Борис Немцов 2015-жылдын 28-февралына оогон түнү Чоң Москворец көпүрөсүндө өлтүрүлгөн. Кылмышка шектелип беш адам кармалган. Тергөө кылмыштын уюштуруучусу жана буюртма берген адам – Чеченстандын ИИМинин “Түндүк” батальонунун мурдагы жоокери Руслан Мухудинов деп эсептейт. Немцовдун жакындары менен тарапташтары анын өлүмүнө Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыровдун тиешеси бар деп чыгышкан.

XS
SM
MD
LG