Ссылки доступа

Акдөбөдөгү кол салууга байланыштуу издөөдө жүргөндөрдүн аты-жөнү аталды


Акдөбө тартип сакчылары жекшембидеги кол салууларга шектелгендердин аты-жөнүн маалымдады. Шектелген жети адамдын ичинен бешөө – Акдөбө, бири – Акмоло, дагы бирөө – Кызылордо облусунун тургуну болуп чыкты.

Облустук ички иштер департаментинин маалыматы боюнча Дмитрий Танатаров, Арсен Танатаров, Айдос Жубанов, Бахыт Куанышбаев, Нурлан Сеилов, Алибек Акпамбетов, Айдар Башимов издөөдө. «Интерфакс–Казахстан» маалымат агенттиги изделгендердин арасында Акдөбө облусунун тургуну Арман Айтуган да бар экендигин кабарлады.

Шектүүлөрдүн эң кичүүсүнүн жашы 26да, эң улуусунуку – 33тө. Кылмышка шектүү адамдар жөнүндө маалымат мезгил-мезгили менен жергиликтүү телеканалдардан берилип турат. Алардын тек-жайы WhatsApp мессенджери аркылуу да жайылтылууда. Полициянын маалыматына караганда, 5-июнда “Паллада” курал сатуучу дүкөнүнө 26дан кем эмес адам кол салган. Ички иштер министрлиги бүгүнкү күндө 13 шектүү адам өлтүрүлүп, дагы сегизи кармалганын кабарлады.

XS
SM
MD
LG