Ссылки доступа

БУУ өкүлү тажик оппозиция мүчөлөрүнүн соттолушун айыптады


БУУнун сөз эркиндиги боюнча атайын чабарманы Девид Кей Тажикстандагы Ислам кайра жаралуу партиясынын лидерлеринин узак мөөнөткө кесилишин сындап, өлкөдөгү оппозициячыл топтордун оозун жабуу аракети катары баалады.

“Оппозициянын бир нече өкүлүнүн соттолушу Тажикстандагы сөз эркиндигинин туруктуу өнүгүшүнө тоскоол болот” деп билдирди Кей.

Улуттар Уюмунун өкүлү оппозиция лидерлерине карата мындай чаралар коомчулукка айрым топтордун радикалдашуусун шарттайт деген чочулоосун билдирди.

Тажикстандын Жогорку Соту тыюу салынган Ислам кайра жаралуу партиясынын активдүү мүчөлөрүн узак мөөнөткө абакка кескен.

Өткөн жылдын сентябрь айынын аягында тажик соту Ислам кайра жаралуу партиясын "террордук" деп таап, анын ишмердүүлүгүнө тыюу салган. Партия мамлекеттик төңкөрүшкө даярдык көргөн деп айыпталган. Анын лидерлери жана мүчөлөрү, жалпысынан 13 адам камакка алынган. Партиянын төрагасы Мухиддин Кабири чет өлкөдө болгондуктан кармалган эмес

XS
SM
MD
LG