ИИМдин расмий өкүлү Алмас Садубаев бул боюнча эч нерсе айта албастыгын, бул уюм туурасында маалымат жок экендигин ырастады. Казакстандын ички иштер министри Калмуханбет Касымов Астанадагы журналисттердин суроосуна: “Азырынча эч нерсе деп айта албайм”, - деп жооп кайтарган.
«Казакстанды куткаруу армиясы” делген уюм 5-июнда айрым эл аралык ММКда кайрылуу жарыялаган. Анда бул окуялар “Назарбаевдин диктатурасына каршы” «Казакстанда демократиялык өнүгүүнү колдогондордун алгачкы салгылашуусу” экендиги айтылган.
5-июнда куралдуу топ эки курал саткан дүкөндү тоноп, андан соң Актөбөдөгү аскерий бөлүккө кол салган. Атышуу учурунда онго чукул адам набыт болгон. Кол салгандардын 13ү кийинки эки күн ичинде өлтүрүлгөн. ИИМ маалыматы боюнча дагы жети адам изделүүдө.