Ссылки доступа

Өзбекстанда пахта талаасына иштөөгө жөнөтүлгөндөр аварияга кабылды


Жизак облусунда пахта талаасын отоо чөптөн арылтууга жөнөтүлгөн унаа аласалып кетти. “Азаттыктын” өзбек кызматы маалымдагандай, авариядан жабыркагандардын ичинде бир нече жашы жете элек бала да бар.

Унаадагы 23 адамдын үчөө оор абалда ооруканага жаткырылган. Калгандары алгачкы жардам көрсөтүлгөн соң үйлөрүнө кетишкен.

Зарбдорск районунун администрациясынын ысымын атагысы келбеген чиновниктеринин бири “Азаттыкка” авария болгондугун ырастады.

– Азыр пахта талаалары абдан начар абалда. Жыш отоо чөп басып кеткен. Жизак облусунун башчысы район акимдерине тоолуу райондордун тургундарын пахта талааларын отоо чөптөн арылтууга жиберүүнү тапшырган. Бизге болсо Заамин районунан келишет. Чынында, жүк ташуучу унаада адамдарды ташууга болбойт. Бирок айдоочулар адамдарды пахта талаасына алып баратам десе, МАИ да, милиция да эч нерсе дебейт. Алар элди отун ташыгандай эле ташып жатышат. Ошол үчүн авария болду. Канткен менен УАЗ унаасы чакан эле да, ага 23 адам кантип батты экен? Адамдар Заамин районунан турган абалда келе жатышкан. Айдоочу сол жакка кайрылмакчы болуп рулду чукул бурганда унаа адамдардын салмагын көтөрө албай аласалып кеткен, – дейт ал.

Бул күндөрү Өзбекстанда бюджеттик уюмдардын кызматкерлерин, мугалимдерди жана медиктерди мажбурлап пахта талаасында иштетишүүдө. Баш тарткандарды иштен бошотобуз деп коркутушат. Айрым бюджеттик уюмдардын кызматкерлери айласы жоктон өздөрүнүн ордуна жалданып иштеген жумушчуларды жөнөтүүгө мажбур болууда.

XS
SM
MD
LG