Ссылки доступа

Савченко: "Өтө ырайымсыз согуш башталышы этимал"


Украинанын Жогорку Радасынын депутаты Надежда Савченко Донбасста “өтө ырайымсыз согуш” башталышы ыктымал экендигин билдирди.

Савченко Донбасстан келгенден кийин басма сөз жыйынын өткөрүп, жикчилдер көзөмөл кылган аймактарда “жетишээрлик күчтүү” орусиялык аскерлер бар экендигин айтты. Анын пикиринде, бул Орусиянын Украинага каршы агрессиясы.

Савченконун баамында, украиналык туткундарды бошотуу үчүн үч аянтча бар. Биринчиси – мамлекет башчыларынын, экинчиси – мыйзам чыгаруучу органдардын деңгээлинде. Үчүнчүсү болсо – жоокерлердин ортосундагы аянтча. "Мен президенттик деңгээлде иш алып бара албайм. Бирок депутат катары берки эки аянтчада сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө даярмын”, - деп билдирди ал.

Надежда Савченко Донбасска 6-июнда барган. Орусияда тыюу салынган “Оңчул сектордун” мурунку башчысы, элдик депутат Дмитрий Ярош менен биргеликте ал Авдеевка менен Широкинодогу украиналык жоокерлерге жолугуп кайткан.

XS
SM
MD
LG