Ссылки доступа

Францияда теракт жөнүндө телефон аркылуу кабарлана турган болду


Франция будет оповещать о терактах по телефону
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:01:17 0:00

Франция калкка теракт туурасында кабарлоо максатында уюлдук телефондор үчүн тиркеме чыгарды. Тиркеме бул өлкөдө бүрсүгүнү баштала турган Европанын футбол боюнча чемпиондугу алдында ишке киргизилди.

Теракт болгон учурда тиркеме жакын жерде жүргөн адамдарга кабар жөнөтөт. Анда эмне болгондугу жана коопсуздук үчүн эмне кылышы керектиги кыскача маалымдалат. Америка жана Британия атайын кызматтары буга чейин эле Евро-2016 учурунда стадиондор, фан-аймактар жана автоунаалар теракт бутасына айланышы мүмкүн экендигин айтышкан.

Француз өкмөтү бул тиркеме Парижде былтыркы жылдын ноябрында болгон теракттардан кийин иштелип чыккандыгын жарыялады. Анда 130 адам набыт болгон.

Орусия курама командасы ишембиде Англиянын курама командасы менен алгачкы оюн көрсөтөт. Украиналыктар болсо жекшембиде Германияга каршы беттешет.

XS
SM
MD
LG