Ссылки доступа

Орусияда өзгөчө экономикалык аймактар жабылат


Орусиядагы натыйжасыз иштеген он өзгөчө экономикалык аймак жабылат жана мындай жаңы аймактарды ачуу убактылуу токтотулат.

Экономикалык аймактарды текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча Владимир Путин өкмөткө ушундай тапшырма берди. Буйрук июндун аягына чейин аткарылышы керек.

Президенттин көзөмөл башкармалыгынын баяндамасына ылайык, 2006-жылдан тартып 33 өзгөчө экономикалык аймакка 186 миллиард рубль жумшалганы айтылган. Ал эми алардан түшкөн салык жана бажы төлөмдөрүнүн суммасы 40 миллиард рубль болгон. Аталган аймактарда бир жумушчу орунду түзүүгө бюджеттен 10 миллион рубль корогон. Бул Орусиядагы бир жаранга 25 жыл бою орточо айлык акы төлөөгө жетмек. Укук коргоо органдары өзгөчө экономикалык аймактарды өнүктүрүүгө багытталган каражатты уурдоо боюнча беш кылмыш ишин козгогон.

Өзгөчө экономикалык аймактарды ачуу чечими атайын мыйзамдын негизинде 2005-жылдын июль айында кабыл алынган. 9 жылда 400 инвестор ишин жүргүзүп келген.

Видео

XS
SM
MD
LG