Ссылки доступа

Жарандардын кайрылууларына жооп бербеген чиновниктер жоопко тартылат


Тажикстанда мамлекеттик органдар мындан ары жарандардын кайрылууларына милдетүү түрдө жооп берет. Тиешелүү мыйзамды өлкөнүн парламенти кабыл алды.

Ага ылайык, жарандардын кайрылууларын тоготпой койгон чиновниктер жоопко тартылат.

Тажикстандын башкы прокурорунун орун басары Вали Ваххобов 9-июнда “Азаттыктын” тажик кызматына маалымдагандай, мыйзамдын негизги максаты – жарандардын укуктары менен эркиндиктерин камсыздоо, алардын кайрылуулары менен даттанууларына аткаминерлердин көңүлүн буруу болуп саналат.

Жаңы мыйзам боюнча жарандардын ММК, телефон же электрондук почта аркылуу өкмөткө кайрылуусу расмий макамга ээ болот. Эми чиновниктер каттарга мыйзамда каралган мөөнөт ичинде жооп берүүгө милдеттүү.

Тажикстандын кылмыш кодексинде жарандардын кайрылуусуна жооп кайтарбай койгон чиновникке 20 миңден 32 миңге чейин айып пул салуу же 6 айга эркинен ажыратуу жазасы каралган.

XS
SM
MD
LG