Ссылки доступа

КМШ өлкөлөрүндө террорчу уюмдардын 30дан ашуун бөлүмү аныкталды


Кылмыштуу кирешени адалдоого жана террорчулукту каржылоого каршы туруу боюнча Евразиялык топ  КМШ өлкөлөрүндө эл аралык террорчу уюмдардын 30дан ашуун бөлүмү бар экендигин аныктады. Бул туурасында аталган уюмдун жетекчиси Юрий Чиханчин  РИА Новости агенттигине билдирген.

Аталган топ бейшембиде Астанада жыйын өткөрдү. Ага Казакстандын Каржы министрлигинин, Улуттук банкынын, Башкы прокуратурасынын, ИИМ жана ТИМинин өкүлдөрү катышууда. Ошондой эле Индия, Иран, Кытай, Орусия жана башка өлкөлөрдөн да адистер келген.

«Биз колдоно баштаган усул 30дан ашуун эл аралык террорчу уюмдардын бөлүмдөрүн аныктоого шарт түздү. Ондогон адамдардын тек-жайы такталып, кылмыш иштери козголду. Иш уланууда”, - деди Чиханчин.

Уюмдун курамына Белорусия, Индия, Казакстан, Кытай, Кыргызстан, Орусия, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстан кирет. Мындан тышкары 15 өлкө менен 18 эл аралык жана аймактык уюмдарга байкоочулук макам ыйгарылган.

XS
SM
MD
LG