Ссылки доступа

Тажикстанда жаңы Улуттук стратегия кабыл алынат


2020-жылга чейин террорчулук жана экстремизм менен күрөшүү боюнча улуттук стратегия 4 пункттан турат. Бул туурасында Дүйшөмбүдө өтүп жаткан эл аралык конференцияда тышкы иштер министри Сирожиддин Аслов билдирди.

-Жаштар жана өспүрүмдөр арасында терроризм жана экстремизмдин алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү.

-Интернетти экстремисттик максатта пайдаланууга бөгөт коюу.

- Түзөтүү мекемелеринде экстремисттик идеаларды жайылтуунун адын алуу.

- Терроризм жана экстремизм идеологиясынын аялдар арасында тарашына жол бербөө деген маанилүү максаттарды камтыйт.

Бул арада ТИМ башчысы айрым өнөктөш өлкөлөрдүн “эки стандарттуу” саясатын сынга алды. Анын айтымында, мындай стандарттар аймактагы коркунучтун денгээлин аныктоого мүмкүнчүлүк бербей жатат.

«Тажикстан террорчулуктун алдын алуу боюнча эл аралык милдеттенмелеринин алкагында олуттуу иштерди аткарууда. Өлкө ичиндеги экстремизмди ооздуктоого аракет жасалууда. Биз ар кыл коркунучтарга моюн бербей туруктуулук менен коопсуздукту сактап келе жаткан азыноолак өлкөлөрдүн катарындабыз. Тилекке каршы, айрым учурларда демилгелерибиз өнөктөштөрүбүздүн көз жаздымында калып келе жатат”, - деди ал.

XS
SM
MD
LG