Полиция ок чыгарган адамды атып өлтүргөн. Ал АКШ жараны, Флорида штатынын 29 жаштагы тургуну Омар С. Матин болуп чыкты.
«Орландо шаарындагы түнкү гей-клубга “Ислам мамлекети” эктремисттик тобунун жоокери кол салган”, - деп айтылат Amaq жаңылыктар кызматынын маалыматында.
Обама кол салуунун "тиришумдук кыргын" деп атап, террордук кол салуу катары баалаган.
Эгер бул ок атуу террордук акт экендиги аныкталса, анда ал 2001-жылдын 11-сентябрындагы теракттан кийинки эле эң оор жоготууларга алып келген окуя болуп калмакчы. Нью-Йорктогу теракттан 3 000 адам мерт кеткендиги маалым.