Ссылки доступа

Өзбек соодагерлер тартип сакчыларын помидор, капуста менен урушту


Өткөн бейшембиде Кокон шаарындагы “Коппон” базарында соодагерлер менен тартип сакчыларынын ортосунда жаңжал жаралды.

Администрация жашылчаларды базардын ичинен саттыруу чечимин чыгарып, бул сатуучулардын нааразылыгын туудурган. Баш ийбегендерге чара көрүү үчүн милиция кызматкерлери чакыртылган. Бирок тартип сакчыларынын орой мамилеси алардын кыжырын кайнатып, чатак чыгып кеткен.

"Тартип сакчылары соодагерлерден ичкери кирүүнү талап кылып, жашылчалар салынган идиштерди тээп, ыргыта баштаган. Жаалданган дыйкандар милиционерлерди помидор, капуста менен ургулашкан. Тартип сакчылары кошумча күчтөрдү чакырууга мажбур болгон», - дейт окуянын күбөсү.

Кокон шаардык администрациясынын өкүлүнүн айтымында, милиция базарга тартипти сактоо максатында чакырылган. Чатак ошол эле күнү басылды. Милиция кызматкерлерине жашылчаларды ыргыткан дыйкандарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Алардын эч кимиси кармалган эмес.

XS
SM
MD
LG