Ссылки доступа

Ирак аскерлери Фаллуджага "коридор" ачты


Аскерлер коопсуз коридор түзүп берген соң, жоочулардын көзөмөлүндө болгон Фаллуджадан 4 миң ирактык жай жаран чыгарылды.

Норвегиялык качкындар иштери боюнча кеңештин маалыматына караганда, Фаллуджаны согушчандардан бошотуу боюнча операция башталгандан бери шаардан 27 580 жай тургун чыгарылган. Айрым качкындар шаардан чыгып кетүү үчүн жоочулар ар бир адамдан 130 доллардан талап кылып жаткандыгын айтышууда.

Гуманитардык уюмдардын эсеби боюнча Фаллуджада дагы 50 миңден кем эмес тургун калды. БУУ болсо шаарда 90 миңге жакын жаран таза суу менен азык-түлүккө муктаж болушу мүмкүн экендигин белгилейт.

Ирак аскерлери Фаллуджаны бошотуу операциясын 22-майда баштаган. Калаа “Ислам мамлекети” экстремисттик тобу тарабынан 2014-жылдын январында басып алынган. Ал Ирактагы исламчылардын көзөмөлүнө өткөн алгачкы шаар болуп калды.

XS
SM
MD
LG