Президенттин жардамчысы Юрий Ушаков билдиргендей, жаатташкан эки тарапты бир арага чогултуу менен Орусия ортомчулук милдетти аткарууда. Саргсян менен Алиевдин акыркы жолугушуусу өткөн айда Венада болгон.
Апрелдин башында Еревандын колдоогон жикчилдер менен азери аскерлеринин төрт күндүк каршылашуусунан кийин ок атууну токтотуу режими күчүнө кирген. Баку менен Еревандын ортосундагы маселе жыйырма жылдан ашуун убактан бери чечилбей келет. Армения колдогон жикчилдер 1980-жылдардын соңунда, 1990-жылдардын башындагы согуштан кийин аймакты көз карандысыз деп жарыялап алган. Бул калабада 30 миңден ашуун адам өлгөн. Жаңжалды дипломатиялык жол менен жайгаруу аракети анчалык деле таасирин берген жок.