Ссылки доступа

Өзбекстан чек арасын 10 күнгө жапты


Өзбекстан 15-июндан 25-июнга чейин Кыргызстан, Тажикстан, Казакстан жана Түркмөнстандын жарандарына, автоунаа жана жүктүн өз аймагына кирүүгө убактылуу тыюу салды. Бул тууралуу Кыргызстандын Чек ара кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Ош облусунун Кара-Суу районундагы Барак эксклавынын тургундарына бул чектөөнүн тиешеси жок. Алар кыргыз-өзбек чек арасынан мурдагы тартип менен өткөрүлөт.

Өзбек бийлигинин бул чечими Шанхай кызматташтык уюмунун саммити менен байланыштуу экени айтылууда. ШКУ жыйыны 23-24-июнда Ташкенде өтөт. Буга байланыштуу өзбек күч кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат.

XS
SM
MD
LG