АКШ президенти менен Далай-лама Кытайдагы тибеттиктерин абалын талкуулашты. Барак Обама Тибеттин дин, маданият жана тилиндеги уникалдуу салттуулугун кубаттай тургандыгын айтты. Ошондой эле алардын укуктарынын корголушу маанилүү экендигине токтолду. Президент Далай-ламанын кыйноолордон баш тартууну жактаган көз карашын жогору баалады.
АКШ президенти чыңалууларды басаңдатып, пикир келишпестиктерди жөнгө салуу үчүн Далай-лама жана анын өкүлдөрү менен кытай бийлигин иштиктүү сүйлөшүүлөргө чакырды.
АКШ Тибетти Кытайдын бир бөлүгү катары эсептейт жана анын көз карандысыздыгын жактабайт. Далай-лама өз алдынчалуулукка умтулбастыгын жана кытай бийлиги менен болгон диалог жанданарына үмүт артарын билдирди. Бул арада АКШ менен Кытайдын ортосундагы жылуу мамиленин маанилүү экендигин эки тарап тең моюндады.