Ссылки доступа

Нева шаарындагы көпүрөгө Кадыровдун ысымы ыйгарылды


Санкт-Петербургдун губернатору Георгий Полтавченко кол койгон токтомго ылайык, Дудергоф каналындагы көпүрө Чеченстандын алгачкы президенти Акмат Кадыровдун ысымын алмакчы. Бул туурасында "Фонтанка" кабарлады. Чечим расмий түрдө 16-июнда жарыяланат.

Буга чейин аталган демилгени шаардык топонимикалык комиссия колдогон. Анткен менен Санкт-Петербург коомчулугу бул чечимге каршы экендигин билдирген.

6-июнда шаарда өкмөттүн уруксаты менен “Кадыров көпүрөсүнө” каршы митинг өткөн. Ага миңге жакын адам катышкан.

XS
SM
MD
LG