Иран президенти Хасан Роухани теле аркылуу элге кайрылуу жасап, өкмөт формалдуу түрдө БУУнун Эл аралык сотуна кайрылганын билдирди. Ал борбордук банктын эки миллиард долларлык мүлкүн АКШ конфискациялап алгандыгы үчүн даттанган.
Аталган соттун бул ишти кароого укугу барбы, азырынча белгисиз. АКШнын Жогорку соту активдерди 1983-жылы набыт кеткен америкалыктардын үй-бүлөлөрүнө берүү боюнча токтом чыгарган. Алар Кошмо Штаттардын Бейруттагы деңиз аскерлеринин казармасын бомбалоо учурунда каза табышкан. АКШ бул үчүн Иранды айыптап келет. Тегеран муну четке кагууда.