Ссылки доступа

Жер Ортолук деңизине кулаган Египет учагынын үн жазгычы табылды


Өткөн айда кырсыкка кабылган учактын үн жазгычы табылганын Египет бийлиги кабарлады.

Үн жазгыч 16-июнда табылган. Андан үндөрдү сактаган бөлүгү алынды. Эми жазылган үн жана добуштарды талдоо үчүн үн жазгыч Александрия шаарына жөнөтүлөт. Парижден Каирге учуп бараткан учак 19-майда Жер Ортолук деңизинде кыйраган. Кыйроонун себеби азырынча белгисиз. Учактагы 66 кишинин баары набыт болгон.

XS
SM
MD
LG