Маалыматка ылайык, кыргыз мигранттарынын укуктук сабатсыздыгынан, ошондой эле иш берүүчүлөрдүн, ортомчу кадрдык агенттиктердин шылуундугунан айлык акыларын ала албай калган учурлары арбын.
Элчиликке Кыргызстандын 250дөн ашуун атуулу маяналарын ала албай жаткандыгын айтып кайрылган. Аласанын жалпы көлөмү 10 миллион рублдин тегерегинде. Мигранттардын көпчүлүгүнүн эмгек келишимдери жок. Айрымдары Орусиянын мыйзамдарына төп келбеген жасалма макулдашууларды түзүп алышкан.
Элчилик көргөн чаралардын аркасы менен 2016-жылдын башынан тартып Кыргызстандын жарандарына 2 миллион 468 рубль өлчөмүндө айлык акылары төлөнүп берилген.