Ссылки доступа

"Шереметьеводо" бомба коюлганын кабарлаган жаран 300 сааттык кара жумушка кесилди


Тула соту эки күн мурун Өзбекстандын жашоочусу, Орусиянын жараны 32 жаштагы Кувончбек Абдиназаровго өкүм чыгарды. Ал террордук акт жөнүндө жалган маалымат берүү боюнча күнөөлүү катары табылды. Бул тууралуу “Азаттыктын” өзбек кызматы кабарлады.

Абдиназаров 2016-жылдын 21-мартында Кыйшык Тоо айылында арак ичип отуруп, 112 кызматына “Шереметьево” аэрропортунда бомбачан террорчулар анын аялын опузалап жаткандыгын кабарлаган. Мындай кадамга ал өмүрлүк жарын Орусияга келтирбөө максатында жасаган.

Орусия ИИМи жана аталган аэропорттун кызматкерлери кинологдордун көмөгү менен бомбаны табуу боюнча бир катар чараларды көрүшкөн. Бирок эч кандай жардыруучу зат табылган эмес.

Абдиназаровдун үй-бүлөлүк абалы жана мурда соттолбогондугу эске алынып, сот ага 300 сааттык кара жумуш жазасын чегерди.

XS
SM
MD
LG