Ссылки доступа

Мамдуманы шайлоо 2016-жылдын 18-сентябрына белгиленди


Орусия президенти Владимир Путин 2016-жылдын 18-сентябрында Мамдуманы шайлоо боюнча жарлыкка кол койду. Бул туурасында Кремлдин маалымат кызматы билдирди.

Жарлык мамлекет башчысы кол койгондон кийин беш күн аралыгында расмий түрдө жарыяланышы керек. Документ ошондо гана күчүнө кирет. Андан соң Орусияда федералдык шайлоо кампаниясы башталат.

Саясий өнөктүк аралаш системанын негизинде жүзөгө ашат. Депутаттардын 225и партиялык тизме менен калган 225и бир мандаттуу округдар аркылуу шайланат. Жетинчи чакырылыштын парламентине беш пайыздык бөгөттү багындырган партиялар гана өтөт.

Орусия президентинин басма сөз катчсы Дмитрий Песков "Интерфакска" билдиргендей, азыркы чакырылыштын иши сонуна чыгып бараткандыгына байланыштуу Владимир Путин 22-июнда Мамдуманын жыйынына катышып, сөз сүйлөйт.

XS
SM
MD
LG