Ссылки доступа

Казакстанда террордук акт боюнча жалган маалымат берген аял соттолду


Казакстандын Орол шаарынын соту кичинекей балдары бар, 31-жаштагы Альфия Кусаинованы эки жылга эркинен ажыратты. Ал “террорчулук актысы боюнча жалган маалымат берүү” беренеси менен күнөөлүү деп табылды.

Альфия Кусаинова 29-апрелде полицияга телефон чалып, Оролдун ички иштер башкармалыгынын имаратына жардыруучу зат коюлгандыгын айткан. Билдирүү жалган болуп чыккан. Тергөөнүн маалыматына караганда, аял мас абалында ушундай кадамга барган. Ал өзү болсо бул туурасында ММКларга түшүндүрмө берүүдөн баш тартты.

Альфия Кусаинова түрмөдө жазасын өтөп эле тим болбой, аракечтикке каршы дагы дарыланат.

XS
SM
MD
LG