Ссылки доступа

Йенс Столтенберг: НАТОго Орусия менен диалог керек


НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг Германиянын ТИМ жетекчиси Франк-Вальтер Штайнмайердин көз карашын колдоодон баш тартты. Немис саясатчысы НАТО “милитаризмге” ыктап баратат деп айыптап чыккан болчу.

Буга жооп иретинде Столтенберг Орусия менен болгон мамиледе аскерий даярдык да, саясий диалог да керектигин белгиледи.

Үч күн мурда Польшада уюм ири машыгууларды өткөргөн. Июлдун башында Варшавада НАТО саммитинин ачылышы күтүлүүдө. Германиянын Тышкы иштер министрлигинин сыны НАТОну сестентти. Берлин Москвага карата азыркы көз карашынан тайып кетпесе болду деп чочулап турат.

Йенс Столтенберг "Эркин Европа /Азаттык Радиосуна" берген маегинде жаңжалдардын алдын ала тургандай коргоно билүү зарылдыгын айткан. "Ошол эле учурда чыңалууну азайткан саясий диалогго да баруу кажет. НАТОго кирген бардык 28 мамлекет ушундай мамилени колдоп жатат. Мен Германиянын сүйлөшүүлөрдү колдогон позициясын сыйлайм жана чыгыштагы аскерий кубатыбызды арттырууга кошкон салымын колдойм”, -деди баш катчы

Столтенбергдин айтымында, Орусия 2000-жылдан тарта аскерий чыгымдарын үч эсеге арттырды. Жаңы заманбап системаларды сатып алып, көз карандысыз Украинага каршы аскер күчтөрүн колдонду. Буга байланыштуу НАТО жамааттык коопсуздукту бекемдөөгө аргасыз болууда.

XS
SM
MD
LG