Ссылки доступа

Атамбаев ШКУнун Ташкендеги жыйынына катышууну чечти


Президент Алмазбек Атамбаев Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) Ташкенде өтчү жыйынына катышат. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматы “Азаттык” радиосуна билдирди.

Саммит 23-24-июнь күндөрү өтөт. Ага ШКУга мүчө бардык мамлекеттердин, тагыраак айтканда, Орусия, Кытай, Казакстан жана Тажикстандын да өлкө башчылары келет.

Быйыл март айында Аксыдагы Үңкүр-Тоо аймагына Өзбекстан аскер техникасын жайгаштырып, абал чыңалган кезде Алмазбек Атамбаев ШКУнун Ташкендеги саммитине катышпай калышы мүмкүндүгүн эскерткен. Андан бери мамлекет башчынын барар-барбасы бүдөмүк бойдон келаткан болчу.

Өзбекстан төрагалык кылып жаткан саммитте уюмдун ишмердигин кеңейтүү жана Пакистан, Индиянын толук кандуу мүчөлүккө кабыл алуу маселелери каралат.

XS
SM
MD
LG