Эгер жаш курагын далилдеген документи болбосо, сатуучу аны тейлебей коюуга укугу бар. Ошондой эле алкоголдук ичимдик жана тамеки балдар оюнчуктары, момпосуй же башка жаш балдарга ылайыкталан товарлар түрүндө сатылышына да тыюу салынды.
Мындан тышкары аталган өнүмдөрдүн кутусунда адамдын саламаттыгына тийгизген терс таасири туурасында жазылышы керек. Медициналык эскертмесиз жана сүрөтү жок сатууга да бөгөт коюлат.
Коомдук тамактануу жайларында алкоголдук ичимдиктерди сатып алууга болбойт.