– Биринде “Ахмадбайга” акчасын алдатып коюшкандыгын баяндашат. Экинчисинде ага каршы козголгон кылмыш иши боюнча сотко күбө катары катышууга сөз бере тургандыгы айтылат. Булар шылуунчулук системанын катышуучусу катары суракка алынууда, – дейт укук коргоо органдарындагы өз булак.
15-июнда милиция "Ахмадбайдын" үйүн жана кеңсесин тинтип, табылган акчаларды оор жүк ташуучу эки машинеге жүктөп, банкка өткөрүп беришти. Аны өткөрүп алуу үчүн 40 кызматкери 2 миллион долларга барабар өзбек сумун жана 8 миллион америка долларын түн жарымына чейин санап отурушканы эл арасындагы уу-дууну күчөттү.
Анын фирмасы 100% үстөк убада кылып, элден акча чогултуп, каржы пирамидасын түзгөн.
Бүгүнкү күндө “Ахмадбайга” каршы 20 миңден ашуун адам арыз жазды.