Cунуштаган документке ылайык, чет өлкө жарандарына жана уюмдарына жалпыга маалымдоо каражатын негиздөөгө тыюу салынат. Мындан тышкары тыштан келүүчү акчанын көлөмү 20 пайыздан ашпоосу керек деген эреже бар.
Мыйзам долбоорунун авторлорунун бири Кожобек Рысбаев буга чейин өзгөрүүлөр бир гана телекөрсөтүүлөргө багытталганын билдирген. Депутат социологиялык иликтөөлөргө токтолуп, телекөрсөтүүнүн калкка тийгизген таасири 90 пайызды түзөрүн жүйө келтирген. Ал дүйнөдө маалыматтык согуш өкүм сүрүп жаткан маалда Кыргызстандын кызыкчылыгын коргоп калуу зарыл деп эсептейт.
Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Аида Салянова мыйзамга өзгөртүү киргизүүнүн зарылдыгы жок экендигин айтты. “Бул мыйзам долбоорун “Азаттык” радиосу менен байланыштырып жатышат. “Азаттык” өлкөнүн коопсуздугуна эч кандай коркунуч келтирген эмес. Тескерисинче, ал чындыкты чыркырап айтып, коопсуздукту сактоого салым кошту. Буга чейин биз "Азаттыктын" пайдасын гана көрүп келдик”,- деди Аида Салянова.
Парламенттеги "Ата Мекен" фракциясынын депутаты Наталья Никитенконун пикиринде, ММК мыйзамына сунушталган өзгөртүүлөр коопсуздукту камсыздоого эмес, маалымат айдыңын көзөмөлдөөгө багытталган.
Депутаттар мыйзамды өзгөртүү сунушун парламенттин жыйынына коюу менен Жогорку Кеңештин регламенти бузулганын айтышып, эрежеге ылайык коомдук угуу өткөрүүнү сунушташты. Бирок ага карабай долбоор биринчи окуудан өттү.