Бул тууралуу Германия прокуратурасы кабарлады. Маалыматка караганда, Мухаммадсаид С. аттуу жаран Түндүк Рейн-Вестфалия аймагында колго түшкөн.
Аты-жөнү толук айтылбаган 30 жаштагы Мухаммадсаид С. 2015-жылы Тажикстандан Сирияга аттанып, ИМ радикалдуу тобунун катарында согушкан. Ал өз мекендештерин экстремизмге үндөгөн видео кайрылууларды дагы жазаган.
Прокуратуранын маалыматы боюнча шектүү жаран 2015-жылдын сентябрь айынын башында Сириядан Германияга келген. Аны Германияда соттошобу же Тажикстанга өткөрүп беришеби, азырынча беймаалым.