Акыркы күндөрү өлкөдө бир катар сурамжылоолор жүргүзүлгөн. Алардын натыйжаларын изилдеген талдоочулардын айтымында, ЕБ курамында кала берүүнү колдогондордун саны каршылардыкына салыштырмалуу 0,6 пайызга көп. Ал эми шайлоочулардын 9 пайызы азырынча бир пикирге келе элек.
Улуу Британиянын ЕБда калуусун премьер-министр Дэвид Кэмерон, лейбористтердин лидери Жереми Корбин жана Либералдык демократтар партиясынын лидери Тим Фаррон жактайт. Алар Еврошаркетте экономикалык жана саясий артыкчылыктар арбын деген пикирде.
Ал эми алардын каршылаштары өлкөгө агылып келген иммигранттарга байланышкан көйгөйлөргө басым жасоодо.
Дүйнөлүк лидерлер, ири компаниялар жана инвесторлор Британиянын Евробиримдиктен чыгышы анын таасирин азайтып, дүйнөлүк базарда олку-солкулуктарга алып келип, залакасы бардык батыш өлкөлөрүнө тиерин айтып келишет.