Ссылки доступа

АКШ: Конгрессмендер иш таштап, жыйын залында отуруп алышты


Демократиялык партиянын АКШ конгрессиндеги өкүлдөрү шейшембиде отурган абалда каршылык билдиришип, түнү бою конгресстин кеңсесинде калууну көздөштү. Алардын максаты курал-жарак сатууну чектөө боюнча мыйзам долбоорун кайра добушка коюу эле.

Бул мыйзам долбоорун добушка коюудан баш тарткан республикачыларга кыжырданган демократтар тобу жыйын залында каршылык көрсөтүп отуруп алышты. Палатанын спикери, республикачыл Пол Райанга кайрылып, документти кайра добушка коюуну талап кылышты. Алар палатанын эрежелерине моюн сунбай, башка маселелерди добушка коюуга жол беришкен жок. Адаттан тышкаркы каршылыкты 76 жаштагы конгрессмен Джон Льюис башкарган. Ал - афроамерикалыктардын укугу үчүн күрөшкөн ардагер.

Демократтар сунуштаган мыйзам долбоору террордук топторго тиешеси бар жарандарга курал сатууга тыюу салат. Республикачылардын пикиринде, атайын кызматтар түзгөн тизмеге карапайым адамдар кирип калышы мүмкүн. Бул мыйзамга баш ийген америкалыктардын укугун бузарын айтышууда.

Айрым катышуучулар акция жума күнгө чейин уланарын билдиришти. Республикачылар муну мунасага келүүнүн ордуна саясий шоу өткөрүп атышат деп сынга алышты.

Бир нече жыл мурда республикачылар да ушундай отуруп алма акция өткөрүшкөн эле.

XS
SM
MD
LG