«Торпеданын жаңы варианты Ысык-Көлдө жылдын аягына чейин сыноодон өткөрүлөт. Ал ийгиликтүү болсо, аскер-деңиз күчтөрү торпеда менен куралданып баштайт. 2017-жылдан тартып бул деңиз куралын сериялык түрдө чыгармакчыбыз. Анын суу алдындагы бутага тийгизүү боюнча техникалык мүмкүнчүлүктөрү өркүндөтүлөт”, - дейт өз булак. Жаңы торпеданы суу алдында жүрүүчү кемеден эле башкарууга болот.
Торпедалар Санкт-Петербург Илимий иликтөө институту тарабынан иштелип чыккан. Азырынча бул маалыматтар расмий ачыктала элек.
Орусиялык торпеда сыноочу база Каракол шаарынын жанында жайгашканы маалым.