"20 жылдан бери биздин иммиграциялык системабыз бузулуп келген. Ал эми Жогорку соттун бүгүнкү бүтүмү бизди артка тартып гана тим болбостон, өлкөнү биз умтулган макамдан кыйла алыстатып койду”, - деди ал.
Обама сунуштаган программа Кошмо Штаттарда 2010-жылдан бери мыйзамсыз жашаган, соттолбогон жана балдары бар 4 миллионго чукул адамга багытталган. Алар депортацияга дуушар болуу коркунучунан кутулуп, ишке орношууга уруксат алышмак.
Жогорку сот мүчөлөрүнүн жарымы аталган мүдөөнү колдоп, жарымы каршы добуш берип, президенттин сунушу өтпөй калды. Ошентип, бул маселеде анын каршылаштары болгон республикачылар ийгиликке жетишти.