Жеңил атлетика федерациясынын эл аралык ассоциациясы (IAAF) 23-июнда тийиштүү документ кабыл алды. Ага ылайык, спортчу жеке мүнөздөгү уруксат алса болот, бирок мелдештерге орусиялык желек алдында эмес, бейтарап катыша алат.
17-июнда IAAF орусиялык жеңил атлетика федерациясы Бүткүл дүйнөлүк антидопинг (WADA) агенттигинин ченемдерин такай бузуп келе жаткандыгын бекемдеп, аны мелдештен четтетүү чечимин кабыл алган.
21-июнда Эл аралык Олимпиада комитети бул бүтүмдү бекемдеп, орусиялык жеңил атлеттерди Рио-де-Жанейродо өтө турган Олимпиада оюндарынан оолактаткан.