Ссылки доступа

Өзбекстанда ири темир жол ишке берилди


Тешкентте «Ангрен-Пап» электр темир жолу жана өтмөктүн ачылыш аземи болуп өттү. Иш-чарага Өзбекстандын президенти Ислам Каримов жана Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин катышты.

Өзбекстан башчысы ири долбоордун ачылышы тарыхый окуя экенин баса белгиледи. Темир жол өлкөнүн көз карандысыздыгынын 25 жылдыгын утурлай аяктады. Жетекчилер символикалуу түрдө атайын баскычка кол тийгизип, алгачкы поездди өтмөк аркылуу ишке киргизишти. Поездге электровоз жана төрт кишилик вагон чиркелген.

Темир жолдун узундугу 123 чакырым, Камчик тоо ашуусу аркылуу өтөт. Анын 19 чакырымын өтмөк ээлейт. Курулушка 1 миллиард 633,7 миллион АКШ долларын жумшоо максатталган. Бирок өтмөктүн курулушун эске албаганда азыркы тапта бул каражаттын 810 миллиону гана сарпталды.

«Ангрен-Пап» темир жолу Фергана өрөөнүн башка аймактар менен байланыштырат. Муну менен бирикккен улуттук темир жол түйүнү аягына чыгат. Долбоор толук ишке кирсе, 10 млн. тонна жүк ташууга мүмкүн болору айтылууда. Мындан тышкары алгачкы жылдары 600 миң адам ташууга кудурети жетет.

XS
SM
MD
LG