Ссылки доступа

Тоолуу Карабакта кайрадан ок атышуу катталды


Азербайжан чек арадагы чырлуу аймакта 12 сапар ок атылганын айтып, Армениянын куралдуу күчтөрүн күнөөлөдү. Карабак аскерлери болсо Азербайжан артиллериялык куралдан ок чыгарганын кабарлады.

Азери тараптын маалыматы боюнча Газах районун Баладжафарли айлындагы аскерлер жайгашкан чөлкөм бутага алынган. Чабуул Армениянын Ижеван районунун Айговит айылы тараптан жасалган.

Мындан тышкары Азербайжандын куралдуу күчтөрү жайгашкан башка аймактар дагы аткылоого кабылганы кабарланууда.

Карабак аскерлери чек аралаш чөлкөмдө абал салыштырмалуу тынч экендигин билдирди. Каршылаш тараптар негизинен артиллериядан ок чыгаруу менен режимди бузгандыгын белгилешти.

XS
SM
MD
LG