Ссылки доступа

Тажикстанда Улуттук биримдик күнү белгиленүүдө


Быйыл негизги майрамдык иш-чаралар Тоолуу-Бадахшан автоном облусунун административдик борбору - Хорог шаарында өтөт. Мындан 19 жыл илгери ушул күнү Москва шаарында 150 миң адамдын өмүрүн алган беш жылдык жарандык согушту токтотуу боюнча тынчтык келишимине кол коюлган.

Тажикстан президенти Эмомали Рахмон Бадахшан облусуна 4 күндүк иш сапарын 25-июнда эле баштаган. Мамлекет башчынын Рушан, Шунган, Ишкашим райондорун кыдырып, Хорог шаарына барат. Калаада президент жаңы имараттардын жана объектилердин ачылышына арналган салтанаттуу иш-чараларга катышат.

Ванж районунун жашоочулары менен жолугушуунун жүрүшүндө Рахмон куттуктоо сөзүнөн кийин жалпы элге кайрылуу жасады. Ал район жетекчилигине, мамлекеттик жооптуу кыматкерлерге, ата-энелерге, мугалимдерге, интеллигенция өкүлдөрүнө жана аксакалдарга кайрылып, жаштарды террордук жана экстремисттик мүнөздөгү топторго кошулуунун коркунучтуу кесепеттеринен сактоого чакырды.

Сирия, Ирак жана коңшулаш Ооганстандагы согуштук аракеттерге катышкан тажик жоочуларынын көбөйүшү - расмий Дүйшөнбүнү тынчсыздандырган көйгөйлөрдүн бири. Тажик бийлигинин маалымат боюнча “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун катарында миңден ашык тажик жараны согушуп жүрөт. Бир гана Сирия менен Иракта 150 тажик атуулунун өлгөнү боюнча кабар келген.

XS
SM
MD
LG