Видео кайрылуусунда айым көп жылдан бери “Орусия жылдызы” ырлар жыйнагын Пугачевага тапшырууга куштар экенин айткан.
«Мен, Азизова Мукаддас, Алла Пугачеванын күйөрманымын. Ага болгон сүйүүмдү жана чын жүрөктөн чыккан сөздөрүмдү ыр жыйнагым аркылуу билдирдим», – дейт өзбекстандык мигрант.
Мукаддас Азизова көптөн бери Новосибирсктеги курулуш компаниясында тазалоочу кызматкер болуп иштейт. Орусиялык ырчыга арнаган жыйнагын жарыкка чыгаруу үчүн ал айлыгынан бөлүп, атайын акча топтогон.
– Орусияга келгенден кийин ыр жазып жүрдүм. Төрт жыл мурун өз каражатыма китеп чыгардым. Аны орус тилине которууну кааладым. Айрым адамдар жардам беребиз дешкен. Бирок акчамды алган соң, алдап кетишти. Китебим басылбай калды. Жардам бергиле– ыр жыйнагым Пугачеанын колуна тийсе дегенде ак эткенде так этем. Чыгармаларым толугу менен ага арналган. Мен 6-класстан бери Алла Пугачеванын күйөрманымын, эгер мага жардам берсеңер , ыраазычылык билдирем,-дейт Мукаддас Азизова.