Ссылки доступа

Бештөбө алтын кениндеги мушташтан 14 шахтер жабыркады


Акмоло облусундагы Бештөбө айлындагы алтын кениндеги чыр-чатактан 20 киши жабыркады. Бул тууралуу облустук ички иштер департаментинин башчысы Ержан Саденов билдирди.

Массалык мушташ 16-июнда Бестөбө айылындагы “Казакалтын” компаниясы иштеткен “Новая” шахтасында жумушчулар менен жеке күзөт агенттигинин кызматкерлери ортосунда болгон. Анда күзөтчүлөр кызматтык бытыра мылтыгын колдонгон. Ички иштер департаменти билдиргендей, ок атуучу куралдан 14 шахтер жабыркап ооруканага жаткырылган. Алардын тышкары беш күзөтчү жана эки полиция кызматкери ар кандай жаракат алганы белгилүү болду.

“Новости Казахстан” маалымдагандай, күзөт кызматы мыйзамсыз алтын өндүргөндөрдү текшерүүгө алган учурда кайым айтышуудан чыр чыгып, мушташка айланган. "Ал жерде 7-8 күзөтчү болгон, аларга кендин төмөнкү катмарында иштеген 45 шахтер чыгып келип кошулган. Күзөт кызматына катталган куралдан ок атылган. Андан 14 шахтер жабыркады, күзөтчүлөрдөн беш адам жаракат алды”, - деди Саденов.

Анын айтымында, чырлуу окуядан кийин Бештөбө айылынын жашоочулар жалпы жыйынга чогулуп, социалдык көйгөйлөрү козголгон. Полиция мурда кабарлагандай, чатак жумушчулар күзөтчүлөргө буюмдарын текшертүүдөн баш тарткандан улам келип чыккан. Окуядан кийин шахтада күзөт агенттигинин эки кызматкери жана беш жумушчу кармалган. Учурда алар кепилдик менен бошотулду.

.

XS
SM
MD
LG