Ссылки доступа

Түркия атып түшүрүлгөн орусиялык СУ-24 үчүн компенсация төлөөгө даяр


Түркия зарыл болсо өткөн жылдын ноябрында  атып түшүрүлгөн орусиялык СУ-24 аскер учагы үчүн компенсация төлөөгө даяр. Бул тууралуу Түркия премьер-министри Биналы Йылдырым билдирди.

“Эки өлкө тең мамилени оңдоону каалайт. Менимче, иш оң нукта бара жатат” – деди түрк өкмөт башчысы. Ал ошондой эле 29 же 30-июнда Түркия менен Орусия президенттери телефон аркылуу эки тараптуу мамилени жөнгө салуу тууралуу сүйлөшөрүн кошумчалады.

Мындан бир күн мурун Түркия президенти Эрдоган Орусия президенти Путинге кат жолдоп, орусиялык учкучтун үй-бүлөсүнө көнүл айткан.

Эки мамлекет ортосундагы мамиле өткөн жылдын 24-ноябрында Орусиянын СУ-24 согуштук учагы атып түшүрүлгөндөн кийин кескин солгундаган.

Эки өлкөнүн алакаларын жакшыртуу үчүн түрк тарап жогорку деңгээлде кечирим сурашын, чыгымдарды кайтарып берүүсүн жана күнөөлүүлөрдүн жазаланышын орус тарап шарт кылган. Анкара расмий түрдө көңүл айтканы менен кечирим суроодон баш тартып келген.

XS
SM
MD
LG