Мурдагы мунай кызматкерлери президент Нурсултан Назарбаевдин сүрөтү түшүрүлгөн баракчаларды кармап алышкан. Анда мамлекет башчынын 2011-жылдагы Жаңы-Өзөн окуясында айткан “мунайчылардын күнөөсү жок, алардын талабы оорундуу” деген сөзү жазылган.
2011-жылы 17-майда “Каражанбасмунай” ишканасында жумушчулар иш таштап, аны 26-майда “Өзөнмунайгаз” компаниясынын жумушчулары уланткан. Убагында сот миңдеген жумушчу катышкан иш таштоону мыйзамсыз деп тапкан. Алар өкмөт токтому менен бекитилген кошумча акыны төлөп берүүнү талап кылышкан. Ишке чыккан жок деген шылтоо менен “Каражанбасмунай” ишканасы нааразычылык акциясына чыккандарды жумуштан бошоткон.
Эл аралык Human Rights Watch уюму окуяга өз баасын берген эле. Бийлик өкүлдөрү тынч жыйынга тоскоолдук кылып, күч колдонгонун, демилгечилерге саясий айыптар тагылганын билдирген.
Мангистоо облусунун Бузачи жарым аралында мунай өндүргөн “Каражанбасмунай” ишканасына CITIC Group кытай инвестициялык мамлекеттик корпорациясы менен казакстандык «Казмунайгаз» компаниясы ээлик кылат.