Ссылки доступа

Тажикстан: алтын кендеги кырсыктан эки адам курман болду


Хатлон облусундагы Шугнов алтын кенинде дөнсө көчүп, эки адам курман болду.

Окуя эки күн мурун катталып, Тохир жана Дилшод Махмадовдордун сөөктөрүн кечээ урандылардын алдынан алып чыгышты.

Айыл башчынын айтымында, ага-инилер күүгүм талаш Шугнов кенинде алтын издөөгө барышкан.

Ховалинг районундагы Шугнов жамаатына таандык жерде ири алтын кендери жайгашкан. Учурда бул чөлкөмдөн беш компания баалуу металл казат. Ошол эле маалда райондун миңдеген тургуну алтынды кол менен казып, үй-бүлөсүн багат.

Шугнов кени 19-кылымда Орусиянын падыша өкмөтү тарабынан өздөштүрүлүп баштаган. Тажикстанда бул кендеги алтын сапаттуу болуп эсептелет.

XS
SM
MD
LG