Ссылки доступа

Стамбул: курмандыктардын саны өсүүдө


Стамбулдагы Ататүрк аэропортундагы 3 жолку жардыруудан 37 адам каза тапты. 147 киши жарадар болду. Учурда окуя болгон жерде полиция жана "Тез жардам" кызматкерлери иштеп атат.

Стамбулда жардыруудан жабыркап ооруканага түшкөндөр арасында кыргызстандыктар тууралуу азырынча расмий маалымат жок. Бул тууралуу "Азаттыкка" Түркиянын Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалымат кызматкери Мехтап Ханым билдирди. Анын айтуусунда, улуту жана жарандыгы такталгандар арасында кыргызстандыктар жок, бирок тактала элек жарадарлар да бар. Алар боюнча кошумча маалымат берилет.

Кечээ түндө кол салгандардын бири автоматтан ок чыгарып, андан соң бомба жардырган. Окуя болгон жердеги кабарчылар маалымдагандай, полиция жана коопсуздук кызматы шектүүлөрдү ичкери киргизген эмес. Жардыруулар имараттын тышында, таксилер токтогон жайда жана терминалдын алдында жайгашкан метро станциясында болгондугу айтылууда.

CNN маалымдагандай, бүгүн эл аралык Ата-Түрк аэропорту кайрадан иштей баштады. Бул тууралуу премьер-министр Бинали Йылдырым билдирген. Өкмөт башчы теракт уюштургандар “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун мүчөлөрү болушу мүмкүн экендигин кошумчалаган.

Соңку жарым жыл ичинде Түркияда бир нече ири теракттар уюштурулду. Өткөн жылдын октябрь айында күрттөрдүн тынч жүрүшү маалында болгон жанкечтилердин кош жардыруусу 100дөй адамдын өмүрүн алган. Ал эми жазында Стамбулдун чок ортосунда уюштурулган теракттан он киши каза тапкан. Алардын көбү германиялык туристтер.

XS
SM
MD
LG