Ссылки доступа

Тажикстанда тыюу салынган диний партиянын активисти Түркияда бошотулду


Тажикстан Ислам кайра жаралуу партиясынын Хатлон облусу боюнча бөлүм башчысы Камариддин Афзали 28-июнда Стамбул шаарындагы убактылуу кармоочу жайдан боштондукка чыкты.

Афзалинин туугандары маалымдагандай, Түркиянын тиешелүү органдары анын документтерин текшерип, эч кандай маселе таппаган соң эркиндикке кое беришкен.

Чет өлкөдө иштеген тажик оппозиция порталы билдиргендей, ал Дүйшөнбүнүн суранычы менен кармалып, дээрлик 70 сутка абакта отурган. Камариддин Афзали документтерин каттоодон өткөрүп жаткан маалда колго түшүрлгөн. Бул арада тажик жана түрк бийлиги анын камалышы жана бошотулушу боюнча маалымат берген жок.

Камариддин Афзали Тажикстан кайра жаралуу партиясына тыюу салынганга чейин Хатлон облусу боюнча иш алып барган. Ошол эле маалда саясий кеңештин мүчөсү болгон. Диний партиянын мүчөлөрү массалык түрдө камалып баштаганда ал Тажикстандан чыгып кеткен.

2015-жылы сентябрда Тажикстандын мурдагы коргоо министри Абдухалим Назарзода уюштурган козголоңдон кийин 40 адам курман болгон. Башкы Прокуратура партиянын бул аракетин террордук акт катары баалап, ишмердүүлүгүнө тыюу салган. Ошол эле айда саясий кеңештин 14 мүчөсү кармалган. Тажикстандын Жогорку Соту быйыл 2-июнда аларга карта катаал өкүм чыгарганы маалым.

XS
SM
MD
LG