Ссылки доступа

Казакстан сугат сууну Кыргызстандан эмес, Тажикстандан алууну көздөөдө


Казак өкмөтүндө өлкө түштүгүндөгү сугат суу тартыштыгы боюнча жыйын өттү. Анда сууну Кыргызстандан эмес Тажикстандан алуу жөнүндө сунуш айтылды.

Tengrinews.kz агенттиги маалымдагандай, Түштүк Казакстан облусунун акими Бейбут Атамкулов суу тартыштыгын айтып, коңшу Тажикстан менен сүйлөшүү жүргүзүү керектигин билдирди.

"Эгер Тажикстандан кошумча 100 куб алсак биз муну Өзбекстан менен бөлүп алат элек. 50 куб кошумча Махтаарал районуна кетмек",- деди ал.

Биринчи вице-премьер Бакытжан Сагинтаев акимдин сунушун колдоп, бул боюнча алгачкы сүйлөшүүлөр жүргүзүлгөнүн билдирди.

"Ташкентте кесиптештер менен сүйлөштүк. Тажиктер биз мурдагы жылдары Кыргызстан менен иштеген схема боюнча кызматташууну сунушташты. Алар "эгер ушундай жол менен барсаңар, бизден электр энергиясын сатып алып турсаңар кыргыздар менен байланышпай деле койсоңор болот, биз сууну өзүбүздөн кое беребиз" дешти. Ошондуктан Энергетика министрлигине жана Айыл чарба министрлигине алар менен жолугуп, схеманы иштеп чыгуу тапшырмасын бердик",- деди Сагинтаев.

Аткаминердин сөзүн премьер-министр Карим Масимов бөлүп, кылдат болууга чакырды. Өкмөт башчы Астана Кыргызстан жана Тажикстан менен дагы кызматташууга даяр экенин кошумчалады.

Казахстан прорабатывает получение поливной воды из Таджикистана взамен кыргызской
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:00:25 0:00
Загрузить файл

XS
SM
MD
LG