2014-жылдын 7-августунда Орусия санкцияларга жооп иретинде АКШ, Канада, Австралия, Норвегия жана Евробиримдик өлкөлөрүнүн продукцияларын импорттоого чектөө киргизген. Ага ылайык, аталган мамлекеттерден жер-жемиш, сүт жана эт азыктарын алып кирүүгө бөгөт коюлган.
Орусияга болгон алгачкы санкциялар Евробиримдик тарабынан 2014-жылдын 1-августунда киргизилген. Крымдын аннекцияланышына каршы жана Украинанын чыгышындагы козголоңчуларды колдогондугу үчүн ушундай кадамдар жасалган. Андан кийин да чектөөлөр улантылган. Москва бир нече жолу мындай ыкма натыйжа бербей тургандыгын жарыялаган.